Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда унаа ташып келе жаткан оор жүк ташуучу авто унаадан чыккан өрттөн Тойота Corolla үлгүсүндөгү 5 жеңил авто унаа жана “Фура” күйүп, DI AiDi үлгүсүндөгү 2 унаа сакталып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 9 өрт өчүрүүчү тартылып, өрттү өчүрүү жана кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барышты. Куткаруучулар менен жол көзөмөлүнүн кызматкерлери да бирге болду.
Өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Пикир
Оставить комментарий