• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкек — Ош жолунун таш кулаган тилкеси тазаланып, каттам бир тараптуу ачылды

Кырсык 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Бишкек — Ош унаа жолунун таш кулаган тилкеси тазаланып, каттам бир тараптуу ачылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолчулар менен айдоочулар тарабынан жолдун экинчи тарабын тазалоо иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек — Ош унаа жолунун 410-чакырымына жардан таш кулап, унаа каттамына чектөө киргизилгенин маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий