• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте айдоочу жөө өтмөктөн өспүрүм кызды сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.02.23./Кабар/. Бишкектин Асанбай кичирайонунда унаанын айдоочусу жөө өтмөктөн өспүрүм кызды сүзүп кетти.

Окуянын күбөлөрү билдиргендей, Токомбаев көчөсүндө орун алган кырсыкта жабыркаган кыз болжол менен 12-14 жашта, ал эми унаанын айдоочусу аял киши болгон.

Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, учуруда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Кыз тез жардам унаасы менен ооруканага жетирилген. Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет.

Пикир

Оставить комментарий