• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте аскердик кол кармашып урушу боюнча турнир аяктады

Спорт 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Улуттук гвардиянын түзүлгөн күнүнө жана 1999-2022-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон күч структураларынын кызматкерлеринин жаркын элесине арналган Улуттук гвардиянын колбашчысынын кубогуна аскердик кол кармашып урушу боюнча турнири аяктады.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, спорттук мелдешке жалпысынан 100 спортчу, 13 команда катышып, 10 салмак категориясында күч сынашты.

Жыйынтыгында жалпы командалык биринчи орунду Улуттук гвардиянын командасы, 2-орунду 52806 аскер бөлүгүнүн командасы, ал эми үчүнчү орунду УКМКнын Чек ара кызматынын командасы ээледи.

Турнирдин жабылыш аземинде Улуттук гвардиянын колбашчысы Талантбек Эргешов бардык катышуучуларга жогорку кесиптик чеберчилиги жана күжүрмөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кубок, медаль жана грамоталарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий