• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык боксчу Дилербек Садиров юниорлор арасындагы чемпионатта коло утту

Спорт 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Дилербек Садиров бокс боюна юниорлор арасында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Биринчилик Армениянын Ереван шаарында өтүүдө.

Садиров 57 кг чейинки салмакта катышып, ¼ финалдык беттеште румыниялык мушкерди жеңип, жарым финалдык беттеште орусиялык спортчуга жеңилип калган.

Белгилей кетсек, аталган чемпионатта кыргызстандык Амантур Жумаев дүйнө чемпиону аталды.

Пикир

Оставить комментарий