Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Бишкекте бадминтон боюнча эркектер жана аялдар арасында Кыргызстандын чемпионаты өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдешке 50дөн ашык адам катышты.
Оюндар жупта да - экиден экиге каршы жана жекеликте өткөрүлдү. Үч категория бар - аралаш, аялдар жана эркектер.
Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары чемпионатта медалдарга ээ болушту.
Жалгыз эркектер категориясында:
1-орун – Кубатбек уулу Адилет;
2-орун - Абдумалик Садыков;
3-орун -Байэл Жоломанов.
Эркектер арасындагы жуптар категориясында:
1-орун – Кубатбек уулу Адилет жана Абдумалик Садыков;
3-орунду Нурдан Дүйшөнбиев менен Данил Рыспаев.
Жалгыз аялдар категориясында:
2-орун – Жасмин Айсарова;
3-орун - Айназик Мээримбекова;
Аялдардын жуп категориясында:
2-орун – Жасмин Айсарова жана Чынгызбек кызы Гүлкайыр;
3-орун- Айназик Мээримбекова менен Талайгүл Турарова;
Микс категориясында:
2-орун – Жасмин Айсарова жана Абдумалик Садыков.
Белгилей кетсек, бардык жеңүүчүлөр медаль, грамота жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чараны Кыргызстандын бадминтон жана сквош федерациясы жана “Жаштык” Олимпиадалык оюндарды жана спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясы уюштурду.
Мелдештер сергек жашоого үндөө, бадминтонду жайылтуу жана Кыргызстандын курама командасын түзүү максатында өткөрүлдү.
Пикир
Оставить комментарий