• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан менен Омандын беттешин кувейттик калыс тейлейт

Спорт 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. 2023-жылкы Азия Кубогунун эртеңки Кыргызстан — Оман беттешинде калыстар бригадасын кувейттик ФИФА калысы Ахмад Алали жетектейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери - Абдулхади Аланези жана Ахмад Абас жардам беришет. Адхам Мухаммад (Иордания) резервдик арбитр болуп дайындалган.

VAR-системасында Абдулла Жамали (Кувейт) жана Эванс Шоун (Австралия) иштешет.

Белгилей кетсек, Кыргызстан — Оман беттеши 25-январда Доха шаарындагы Абдулах бин Халиф стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө старт алат.

Бишкекте күйөрмандар үчүн атайын фан-зона уюштурулат.

Азия Кубогунун бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында "УТРК Спорт" каналында жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий