• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте "Белгилүү акындардын өчпөс изи" аттуу поэзия кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 22.05.23./Кабар/. Бишкекте акындар Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышеванын чыгармачылыгына арналган “Белгилүү акындардын өчпөс изи” аттуу поэзия кечеси өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарада акындардын басып өткөн жолу, кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу айтылып, театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлүп, акындардын чыгармаларынан саптар окулду.

Ошондой эле конокторго журналист Рахат Жуманазарованын "Талант сыры" даректүү тасмасы тартууланды.

Иш-чаранын алкагында улуттук маданиятты өнүктүрүү, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу, элдик оозеки чыгармачылыкты мындан ары да жайылтууга салым кошкондугу үчүн Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Айгүл Дюшамбиева, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ага окутуучусу Райхан Таштемирова Биринчи май районунун акимчилигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий