• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандыктар Европанын эң мыкты экономикалык аймагында мыйзамдуу ишке орношо алат

Коом 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Кыргызстандыктар Европанын эң мыкты өзгөчө экономикалык аймагында мыйзамдуу түрдө ишке орношо алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү макулдашууга Россияда ишке орношууга көмөк көрсөтүү боюнча КР Эмгек министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору менен Татарстандын "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагынын ортосунда кол коюлду.

Макулдашууга эмгек министри Кудайберген Базарбаев менен "Алабуга" ӨЭАнын башкы директору Тимур Шагивалеевдин жумушчу жолугушуусунда кол коюлду.

Министрдин айтымында, келишим КР президенти Садыр Жапаровдун эмгек мигранттары үчүн коопсуз шарттарды түзүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында түзүлдү.

"Кыргызстандын ичинде да, анын сыртында да мыйзамдуу ишке орноштуруу биздин министрликтин негизги милдети. Кыргызстандыктар жумуш таап жатканда алардын эмгек укуктары жана социалдык кепилдиктери бузулбасына ишениши керек. Бүгүнкү келишим мекендештерибиз мыйзамдуу иштеп, маянасын өз убагында алып, социалдык пакетке ээ болгон бир катар мамлекеттерди толуктайт", - деди Кудайберген Базарбаев.

"Алабуга" өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги атайын экономикалык аймак Елабуга шаарында жайгашкан, Financial Times басылмасынын маалыматы боюнча ал бир нече жолу Европадагы эң мыкты атайын экономикалык аймак катары таанылган.

"Алабуга" ӨЭАнын негизги приоритеттүү багыттары болуп технологиялык ишкердикти өнүктүрүү, инфраструктураны кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү саналат.

Учурда "Алабуга" ӨЭА КМШ өлкөлөрүнөн эмгек мигранттарын тартууга багытталган бир катар долбоорлорду иштеп чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий