Бишкекте эл аралык финансылык форум өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Бишкекте Bishkek International Finance Forum - BIFF аталышындагы эл аралык финансылык форум өтүүдө.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, президенттин администрациясынын атынан форумдун катышуучуларына салам жолдоду.

“Бүгүнкү форумга катышкандарыңыз жана банк-финансы системасына жаңы технологияларды киргизүү аркылуу мамлекеттерибиздин өнүгүүсүндөгү туруктуу өз ара аракеттериңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем”, - деди ал.

Андан соң Акылбек Жапаров өлкөнүн коммерциялык банктарынын өкүлдөрүнө кайрылып, Кыргызстанды эл аралык биржага алып чыгуу боюнча активдүү кызматташууга чакырды.

«Бул түйшүктүү иш. Жөн эле келип көрүп, жеңе албайсыздар. Банкирлер эл аралык банк топторунун канчалык консервативдүү жана этият экенин билесиздер. Байланыштарды узак убакыт бою өстүрүп, өнүктүрүү керек. Мында алдыга койгон максат жана чыдамкайлык талап кылынат. Көбүнчө бизде жакшы таасир калтырууга бир гана мүмкүнчүлүк болот. Ошондой эле маанилүү учурду колдон чыгарып ийбөө зарыл. Убакыт биз үчүн абдан маанилүү. Биз өлкөнү тездик менен курууга жана элибиздин турмушун жакшыртууга аракеттенүүдөбүз”, - деп баса белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Белгилей кетсек, форум Кыргызстанда жана башка коңшу мамлекеттерде пикир алмашуу, акыркы тенденцияларды талкуулоо, IT-чечимдерди сунуштоо жана өнөктөштөрдү табуу үчүн оптималдуу аянтча катары жыл сайын өткөрүлүүчү ири финансылык иш-чара болуп саналат.

Финансылык иш-чаранын негизги темалары финансылык, төлөм жана мамлекеттик технологияларды, накталай эмес төлөмдөрдү, санариптик активдерди, жасалма интеллектти, киберкоопсуздукту, ислам каржылоо принциптерин, жашыл долбоорлорду туруктуу каржылоону өнүктүрүүгө багытталган каржы секторундагы тенденциялар жана инновациялар менен байланышкан.

Форумга Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Монголия, Россия, Беларусь, Азербайжан, Түркия, Кытай, АКШ жана башка өлкөлөрдөн 300дөн ашык коммерциялык банктардын жана каржы секторунун өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий