Бишкекте Евробиримдиги менен Борбор Азиянын бизнес өнөктөштүгүнө арналган форум өтөт

Экономика 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Бишкекте 5-ноябрда Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын бизнес өнөктөштүгүнө арналган форум өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы министрлердин жолугушуусунун жыйынтыгында Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык платформа түзүү боюнча макулдашууга жетишилген.

Андан ары Европа Биримдиги тарабынан Борбордук Азия өлкөлөрүнө карата концепциянын стратегиясы кабыл алынган. Анда бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү, жашыл экономика, экология жана башка көптөгөн маселелер эске алынган.

“Эртең президенттик резиденцияда Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын бизнес өнөктөштүгүнө арналган форум өтөт. Ага 250дөн ашык ишкердин катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн 40тан ашык компаниянын өкүлдөрү бар. Эртең биз Европа өлкөлөрү менен бир катар келишимдерге жетише алабыз деп ишенебиз”, - деди Нурадил Баясов.

Эскерте кетсек, борбор калаада 5-ноябрда “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” биринчи экономикалык форуму өтөт.

Пикир

Оставить комментарий