• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте көркөм гимнастика боюнча шаардык биринчилик өттү

Спорт 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Бишкекте көркөм гимнастика боюнча шаардык биринчилик өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш 16-17-декабрь аралыгында "Газпром-Балдар" спорттук эс алуу борборунда 100 гимнасттын катышуусунда өттү. Турнирдин жыйынтыгында орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

2011-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – София Ярова;
2-орун – Алия Жантаева;
3-орун – Милана Копылова.

2010-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – Злата Аркатова;
2-орун – Саяна Сарынжиева;
3-орун – Дарья Сорокина.

2009-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – Арина Газиева;
2-орун – Элима Абдималикова;
3-орун – Ангелина Есикова.

2008-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – Александра Удодова;
2-орун – Чолпон Шайлобекова;
3-орун – Саадат Кулматова.

2007-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – Елизавета Голинко;
2-орун – Майя Маркелова;
3-орун – Салима Акматова.

2009-2011-жылдары төрөлгөн гимнасттардын тайпалык көнүгүүлөрү боюнча:
1-орун – «Олимп» спорт мектеби;
2-орун – “Ынтымак-2” спорт мектеби;
3-орун – “Үй-бүлөлүк спорт”.

Топтук көнүгүү боюнча 2008-жылы туулган жана андан улуу гимнасттардын арасында:
1-орун – “Ынтымак-1” спорт мектеби.

Турнир Кыргызстанда көркөм гимнастиканы өнүктүрүү жана жайылтуу жана спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Спорттук иш-чара борбордун мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы, КР Көркөм гимнастика федерациясы жана Бишкек шаардык көркөм гимнастика федерациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий