• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто УКМК кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Бүгүн Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында УКМК кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кенештин төрагасы Салман Назылбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Даниель Рысалиев, УКМК ардагерлери, жетекчилери жана өздүк курамы катышты.

Бакытбек Жетигенов атайын кызматтын ардагерлерин жана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, терроризм, экстремизм жана коррупция менен күрөшүүдө жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

Иш-чарада Улуттук коопсуздук комитетинин түзүлгөнүнүн 105 жылдыгына карата кызматтык милдеттерин аткарууда, ак эмгеги менен айырмаланган кызматкерлерге алкыш жарыяланып, Ардак грамота, төш белгилер тапшырылды. Ошондой эле маданият ишмерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Маалымат үчүн: 1917-жылы ушул күнү жалпы орусиялык өзгөчө кырдаалдар комиссиясы болуп түзүлгөн. Советтер Союзунун тарыхында бул түзүмдүн аталышы бир нече ирет өзгөргөн. Ал эми 1918-жылы Пишпек уезддик тергөө комиссиясы түзүлгөн. Коопсуздук кызматкерлеринин күнү Кыргыз мамлекетинен тышкары Армения, Орусия жана Беларусь өлкөлөрүндө расмий түрдө бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий