• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Автоматташтырылган маалымат тутуму: 200 миңден ашык туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. «Туулгандыгы жана өлүмү тууралуу санарип медициналык күбөлүк» автоматташтырылган маалымат системасы өлкөнүн бардык саламаттык сактоо уюмдарында толук кандуу иштеп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, система ишке киргенден бери 200 миңден ашык туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 38 миңден ашык медициналык өлүм жөнүндө күбөлүк берилген.

Белгиленгендей, маалыматтык система бардык төрөлүү жана өлүм боюнча маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого багытталган. Маалыматтык системаларды ишке киргизүү туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, ошондой эле мамлекет тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү алууну жөнөкөйлөштүрдү.

Система бардык 74 мамлекеттик төрөт үйлөрүндө ийгиликтүү колдонулууда, Ошондой эле маалыматтык системаны 6 жеке менчик төрөт үйү да ийгиликтүү колдонууда. Бул туулгандыгын электрондук каттоонун толук камтылышын камсыз кылат.

Маалыматтык тутумдун иштеши «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу «Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу» кызматын пилоттук режимде республика боюнча ишке киргизилген.

Интеграция Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Социалдык фонддун маалыматтык системалары менен ишке ашырылды, бул төрөлүү жана өлүм менен байланышкан финансылык ресурстарды натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий