Бишкекте карды тазалоого тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат

Коом 0

Бишкек, 12.12.23./Кабар/. Бишкекте карды тазалоого тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдиришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, автоунааларды туура эмес токтотуу жолдорду кардан тазалоого тоскоол болууда.

"Андыктан, карды тазалоого тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле айдоочуларга ыңгайлуу болушу үчүн муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын тизмеси төмөндө тиркелет.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 10-декабрдан 12-декабрга чейин Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

12-декабрдан 14-декабрга чейин Бишкекте жана анын айланасында абанын температурасынын төмөндөшү уланат. Абанын температурасы түнкүсүн -20°C чейин төмөндөшү, күндүз -10 дон -15°C га чейин суук болушу күтүлөт..

Пикир

Оставить комментарий