• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш өттү

Коом 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Бишкекте Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Кеңеш шаар прокурору Канат Насиповдун төрагалыгы алдында укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргызстандын экономика тармактарынын жана калктын күз-кыш мезгилине даярдыгы талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген Бишкек шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча пландык иш-чараларды ишке ашырууну күчөтүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий