• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте кыргыз-иран инвестициялык кеңсесин ачуу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ирандын Кыргыз элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун негизги маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу учурунда өзгөчө көңүл кыргыз-иран инвестициялык кеңсесин ачуу маселесине бурулду. Бул кеңсе Кыргызстан экономикасынын артыкчылыктуу секторлоруна ирандык инвестицияларды тартуунун маанилүү куралы болмокчу.

Данияр Амангелдиев эки тараптуу соода жүгүртүүнүн оң динамикасын белгилеп, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланганын билдирди. Бул агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун соңунда министр конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий