• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Кыргызстанга кайтып келген мигранттарды колдоо маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулган эмгек мигранттарын реинтеграциялоо маселелери боюнча тегерек столдун жүрүшүндө өлкөгө кайтып келген мигранттарды колдоо маселеси талкууланды.

Ведомстводон маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Азия жана Европа өлкөлөрүн реинтеграциялоо саясатынын жана долбоорлорунун ар кандай мисалдары жана Кыргызстанда алардын укук колдонуу практикасынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги учурда кайтып келген мигранттарга акча каражаттарын мекениндеги бизнес-долбоорлорго жумшоого жардам берүү максатында "Мекеним 1+1" программасы боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун, бизнестин, мигранттар профсоюзунун эл аралык уюмдарынын, диаспоралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий