• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР Президентин кезектеги шайлоо 19-ноябрда өткөрүлмөкчү - БШК

Коом 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. Бүгүн КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо күнүн белгилөө боюнча билдирүүлөрү интернет сайттарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып, калк арасында ар кандай пикирлер жаралууда. Бул тууралуу эч кандай кайчы пикирлер болбосу үчүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы төмөндөгүлөрдү билдирет:

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүн аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешининин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын жетекчиликке алып иш жүргүзөт.

КРнын Конституциясынын 61-беренесине ылайык «Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат».

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык «Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин ал шайланган мөөнөттөгү ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 ай калгандан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат».

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылы 30-октябрда болуп өткөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин алты жылдык мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. Жогоруда айтылган Конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык, 2017-жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембиси, башкача айтканда, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо өткөрүлмөкчү.

БШКнын басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий