Бишкек, 12.12.20. /Кабар/. Бишкекте "Мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов" аталышындагы IV Ысык- Көл форуму болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, форумга маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев катышты.
Эске салсак, иш-чара онлайн форматы менен коштолуп, ага Айтматовдун туугандары, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайлардын жетекчилери, Түркиядан келген коноктор катышты.
Пикир
Оставить комментарий