Бишкек, 06.12.17. /Кабар/. Бишкекте “Манас Ак-калпак элдин урааны” аталыштагы иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чарага манасчылар Замир Баялинов, Бексултан Имашов, Оомат Касымбеков жана калаадагы №8 мектептин 10-класстын окуучулары катышты.
“Иш-чаранын жүрүшүндө манасчылар “Манас” эпосунан үзүндү айтышып, жаштардын берген суроолоруна жооп беришти”,-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий