• 86.79
  • 90.83
  • 0.84

Бишкекте “Мурдагы, азыркы жана келечектеги ИИМдин ички аскерлери” аттуу конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында Бишкекте “Мурдагы, азыркы жана келечектеги ИИМдин ички аскерлери” деген темада илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу ИИМдин ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ички аскерлердин командачылыгынын аскер кызматчылары, ардагерлер, чакырылган меймандар жана аскер бөлүктөрүнүн командирлери катышты.

Илимий-практикалык конференциянын катышуучулары ИИМдин ички аскерлеринин түзүлгөнү жана калыптанышы, аткарып жаткан тапшырмалардын өзгөчөлүктөрү жана күжүрмөн-ишмердүүлүктү бекемдөө боюнча маселелерди талкуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы Токтогул Какчекеев сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө жакынкы аралыктагы ички аскерлердин ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө кененирээк токтолду.

Илимий-практикалык конференциянын катышуучулары тарабынан аскер бөлүктөрдүн командирлерине жаш жоокерлерди патриоттуулука жана мекенди сүйүүгө тарбиялоо боюнча ар тараптуу жардам көрсөтүү маселеси талкууланды.

Иш-чаранын аягында, ички аскерлеринин даңктуу күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган иш-чараларды уланта берүү керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий