• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Ысык-Көлдүн кызгалдактары". Бишкекте жаңы мурал пайда болду

Коом 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Бишкектеги Байтик Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишде жаңы мурал пайда болду.

Мурал “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасына арналган, анда КРнын эл артисти Айтурган Темирова башкы ролдо тартылган.

Имараттын каптал бөлүгүнө Джубили Кыргызстан (Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company ЖАК) компаниясынын тапшырыгы жана демилгеси менен KyzArt чыгармачылык тобунун сүрөтчүлөрү тартышкан.

Сүрөт Кыргызстандын мурастарын жана Болотбек Шамшиевдин чыгармачылыгында чагылдырылган адамдык баалуулуктарды сактоо максатында түзүлгөн.

Белгилей кетсек, жайгашкан жерди тандоодо Биринчи май районунун акимиаты жана "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы жардам көрсөтүшкөн.


"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" — советтик тасма, кинорежиссёром Болотбек Шамшиевдин 1972-жылы "Киргизфильм" киностудиясында тартылган тасмасы.

Башкы идеясы Александр Павлович Сытин аттуу жазуучунун "Тянь-Шань контрабандисттери" аттуу 1927-жылы жарыкка чыккан китебинин негизинде жаралган.

"Тянь-Шань контрабандисттеринде" 1920-жылдары Сытин өзү кызмат өтөгөн Ысык-Көлдүн жээгиндеги чек ара бөлүгү сүрөттөлүшү. Тасманын бет ачары 1973-жылы 16-апрелде болгон. Тасманы 11,3 млн көрүүчү көргөн.

Пикир

Оставить комментарий