Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу эки жол кесилиши жабылат

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарында бир нече көчөлөр капиталдык оңдоодон өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ахунбаев жана Токтоналиев, Байтик баатыр жана Суеркулов көчөлөрүнүн кесилиши Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн жолдорун капиталдык оңдоонун алкагында унаа кыймылы үчүн жабылат.

8-июнда саат 9:00дөн 00:00гө чейин Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Ал эми Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши 8-9-июнда жабылат.

Белгилей кетсек, капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Байтик баатыр көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин (Сүйөкулов жана Ахунбаев көчөлөрү кыймыл үчүн ачык бойдон калган), Ахунбаев көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейин жабылган (Токтоналиев көчөсү жол кыймылы үчүн ачылган).

Пикир

Оставить комментарий