• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы: Ала-Арча дарыясынын нугунун абалы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышын жана жеке турак жайларды суу каптап кетүүнүн алдын алуу максатында Ала-Арча дарыясынын нугунун абалы дайыма көзөмөлдөнүүдө.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Райым Жолдошов Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана МАБ менен биргеликте Рыскулов көчөсүнүн төмөн жагындагы кооптуу аймактарды текшерди.

"Райондук кызматтар тарабынан Ала-Арча дарыясына тынымсыз мониторинг жүргүзүлүп, зарыл болгон учурда суунун тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо жана муз тыгындарын тазалоо иштери жүргүзүлөт. Ал үчүн администрациянын, ӨКМдин, "Бишкексуучарба" МИнин кызматкерлери менен биргеликте муниципалдык ишканалардын жана ӨКМдин атайын техникалары тартылат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бетон колдонуу менен жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, "Бишкексуучарба" МИнин кызматкерлери Жаманбаев, Л.Толстой көчөлөрүнүн бойлой темир жолго чейин, И.Ахунбаев көчөсүнөн А.Малдыбаев көчөсүнө чейин, Л.Толстой көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейин "Ала-Арча" дарыясынын нугун тазалоо иштерин кызуу улантууда.

Пикир

Оставить комментарий