• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бишкекте рейд учурунда түндө чоңдордун коштоосу жок жүргөн 25 өспүрүм аныкталды

Коом 0

Бишкек, 07.11.24. /Кабар/. Бишкекте “Өспүрүм” рейди өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд учурунда саат 22:00дөн кийин коомдук жайларда чоңдордун коштоосу жок жүргөн 25 өспүрүм аныкталган.

Рейддин максаты балдардын коопсуздугун камсыздоо жана жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат

Белгилей кетсек, рейдге Ленин райондук акимчилигинин, райондук милициянын, Социалдык коргоо, Билим берүү башкармалыктарынын кызматкерлери, кварталдык жана үй комитеттеринин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий