• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдардын саны өсүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Лариса Губина билдирди.

Ал белгилегендей, статистика мындай жарандардын саны өсүп жатканын көрсөтүп турат.

"Бизде Биринчи май районунда "Коломто" муниципалдык мекемеси туруктуу негизде иштейт. Ал 70 кишиге ылайыкталган. Муниципалитеттин эсебинен туруктуу жашаган жери жок адамдарга ысык тамак берилет, социалдык кызматкерлер камкордук көрүшөт, керек болсо тез жардам чакырып интернатка жайгаштырышат жана башка. Мындан тышкары, кышкысын 140 орундуу эки мектеп-интернат иштейт. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен шейшептер, дары-дармектер алынып, ысык тамак берилет", - деди ал.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Гайрат Рахмановдун айтымында, рейддер тынымсыз жүргүзүлүп, сууктун түшүшү менен мындай окуялар көбөйүүдө. "Бизде патрулдук кызмат менен бирге автобус чыгып жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий