Бишкек, 13.04.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Жамийла" биринчи улуттук мюзикли тартууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Мюзикл жети күн катары менен коюлат — 12-13-14-15-16-17-апрель күндөрү.
"Жамийла" мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореография, вокал айкалышкан көркөм оюн.
- мюзиклдин коюучу-режиссеру — Виктор Фельд,
- композитору — КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев,
- акын — Махаббат Молдалиева,
- костюмдар боюнча художник-дизайнер — Дөөлөт Рысбаев,
- хореографы — КР Эл артисти Анара Нургалиева,
- хормейстери — КР Эл артисти Гульбара Маматова,
- башкы сүрөтчүсү — Расул Кочкорбаев,
- видео контент —Адан Алимбеков.
Пикир
Оставить комментарий