• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Биринчи жолу Ысык-Көл жээгинде "Ак- куу көлү" балети көрүүчүлөргө тартууланды

Маданият 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Күн мурун, 25-июлда Чолпон-Ата шаарында биринчи жолу Петр Чайковскийдин "Ак-куу көлү" балети көрүүчүлөргө тартууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борборунун сахнасында Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын чыгармачыл курамы өз өнөрүн тартуулады.

Маданий иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Гнесин атындагы Россия музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский жана аталган окуу жайдын профессор-окутуучулары, Жогорку Кеңештин депутаты, бир катар көрүнүктүү маданият ишмерлери, эс алуучулар жана Чолпон-Ата шаарынын тургундары катышты.

Белгилей кетсек, концерт "Ала-Тоо симфониясы" биринчи жайкы чыгармачыл мектеби долбоорунун алкагында болуп өттү. Аталган жайкы мектеп көл жээгинде 29-июлга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий