• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте тышкы жарнамаларды иретке келтирүү иши уланууда

Коом 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Бишкекте тышкы жарнамаларды иретке келтирүү боюнча кезектеги рейд өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарнама конструкцияларын демонтаждоо Фучик көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин жүргүзүлдү. Иштин жүрүшүндө латын арибинде жазылган 20дан ашуун жарнамалык баннер жана 2 жарнамалык такта алынды.

Буга чейин комиссия тарабынан жарнаманы жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билдирүүлөр таратылган.

Белгилей кетсек, текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий