• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан жана Европа өлкөлөрүндөгү баңгизаттарга каршы учурдагы кырдаал талкууланды

Коом 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов Чыгыш жана Борбордук Европа, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасы Александр Квасьневский менен жолугушту.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар Кыргызстандагы жана Европа өлкөлөрүндөгү баңгизаттарга каршы учурдагы кырдаал боюнча маалымат алмашып, баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар баңгизаттарды көзөмөлдөө маселелери боюнча өз убагында маалымат, тажрыйба, укук колдонуу практикасын алмашуу үчүн жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий