• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз спортчуларынын стипендиялары 75 миң сомго чейин көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Кыргыз спортчуларынын стипендиялары 75 миң сомго чейин көтөрүлдү. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Документ эл аралык ареналарда өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүп келген спортчуларды жакшы жетишкендиктерге дем берүү үчүн негизделген.

Жаңы токтомго ылайык, спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи категориядагы спортчу 75 миң, экинчи категориядагы 60 миң, үчүнчү категорияда 50 миң сом алат.

Стипендия олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча 7 категорияга бөлүнөт. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча 3 категорияга жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 4 категорияга бөлүнөт.

Спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү:

  • I категория — 75 миң сом
  • II категория — 60 миң сом
  • III категория — 50 миң сом
  • IV категория — 40 миң сом
  • V категория — 30 миң сом
  • VI категория — 20 миң сом
  • VII категория — 10 миң сом

Cпорттун улуттук түрлөрү

  • I категория — 25 миң сом
  • II категория — 20 миң сом
  • III категория — 15 миң сом

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү:

  • I категория — 20 миң сом
  • II категория — 15 миң сом
  • III категория — 10 миң сом
  • IV категория — 8 миң сом

Маалыматка ылайык, спортчуларга стипендиялар бир жылдык мөөнөткө берилет. Эгер, Олимпиадада (паралимпиада), Азия (Пара Азиялык оюндар) оюндарында, Дүйнөлүк универсиадада, Ислам тилектештик оюндарында, Жабык имарат ичинде өткөрүлгөн Азия оюндары, пляжда өткөн Азия оюндарында байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларга стипендия эки жылдык мөөнөткө төлөнөт.

Өмүр бою стипендия алуу үчүн спортчулар Олимпиада (паралимпиада) оюндарынын чемпиону же байгелүү орундун ээси болуш керек.

  • I орун — 30 миң сом
  • II орун — 25 миң сом
  • III орун — 20 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий