Бишкекте жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Бишкекте жеңил атлетика боюнча Татьяна Колпакованын байгесине арналган лицензиялык эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 12-13-июнь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук аренада өттү.

Салтка айланып калган эл аралык мелдеш быйыл жыйырма үчүнчү жолу уюштурулуп, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан келген жалпы 104 спортчу катышты.

Ошондой эле мелдештин жүрүшүндө Өзбекстандан келген эки спортчу Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алышты.

Эскерте кетсек, Татьяна Колпакова 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында узакка секирүү боюнча алтын медалдын ээси болгон.

Пикир

Оставить комментарий