Бишкектеги соцмекемелерге Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин ысымы ыйгарылат

Өкмөт 0

Бишкек, 20.06.24. / Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча
министрлер кабинетинин алдындагы комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө ар кандай социалдык жана башка объектилерге өлкөнүн көрүнүктүү инсандарынын ысымдарын ыйгаруу, ошондой эле имараттардын жана турак жайлардын сыртына мемориалдык такталарды орнотуу боюнча 30га жакын маселе каралды.

Комиссиянын кабыл алуусу менен төмөндөгү инсандардын ысымдарын ыйгаруу чечилди:

- Бишкек шаарындагы № 5 балдар искусство мектебине Кыргыз Республикасынын эл артисти, ЮНЕСКОнун “Салттуу музыканы сактоого кошкон салымы үчүн” атайын номинациясынын лауреаты, комузчу жана композитор Нурак Абдрахмановдун ысымын;

- Бишкек шаарындагы № 100 мектепке Кыргыз эл акыны, Кыргызстан Жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы сыйлыгынын лауреаты, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Байдылда Сарногоевдин ысымын;

- Бишкек шаардык № 1 клиникалык ооруканасына Борбор Азиядагы биринчи аял-хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Какиш Рыскулованын ысымын;

- Бишкек шаардык борбордук китепканага Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун ысымын.

Пикир

Оставить комментарий