Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Бишкектин Дордой-2 конушунун көчөлөрүнө жарык орнотуу иштерин аяктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоордун алкагында 12-көчөдө төмөнкү иштер жүргүзүлдү:
- 23 даана 100 Вт чырак орнотулду.
- 23 кронштейн орнотулду.
- 1000 метр өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылды.
- 21 түркүк орнотулду.
Белглей кетсек, жүргүзүлгөн жумуштар караңгы мезгилде көрүнүүнү жакшыртып, жашоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылат.
Пикир
Оставить комментарий