• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Былтыр Соода-өнөр жай палатасынын жылдык кирешеси 86 млн сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 15.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. 2024-жылы Соода-өнөр жай палатасынын жылдык кирешеси 86 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, палатанын курамында 12 ишкер кеңеш бар, 50дөн ашык өлкөнүн палаталары жана уюмдары менен кызматташуу боюнча 60тан ашык меморандумга кол коюлган.

“Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча 45 өкүл бар, алар жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө жана экспорттук горизонтторду ачууга жардам берүүдө. Натыйжасында биздин жылдык кирешебиз күндөн-күнгө өсүүдө. Бул чоң жетишкендик", - деди ал.

Ошондой эле ал 2025-жылы жылдык киреше 100 млн сомго көтөрүлөрү күтүлүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий