• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда баалар менен тарифтердин максималдуу өсүшү Нарында катталды

Экономика 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери керектөө бааларынын жана тарифтердин эң көп өсүшү Нарын облусунда катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын тогуз айында республика боюнча бул көрсөткүч 10,6% түзгөн. Республикада алкоголдук ичимдиктерге жана тамекинин баасы 17%га, тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктарга - 12,4%га, азык-түлүк эмес товарларга - 7,6%га, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер 6,6%га кымбаттады.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы бардык аймактарда байкалган. 15%га максималдуу өсүш Нарын облусунда катталган, бул алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына (41,3%га), ошондой эле азык-түлүк эмес товарларга (10%га) баалардын эң көп өсүшү менен шартталган.

Пикир

Оставить комментарий