Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. 2020-жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине жарандардан келип түшкөн арыздардын, сурамдардын, даттануулардын саны 203дү түздү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, кайрылгандардын негизги контингенти спортчулар, спорттун түрлөрү боюнча федерациялардын, спорттук мектептердин жетекчилери жана коомдук уюмдар.
Мазмуну боюнча төмөнкүдөй кайрылуулар келип түштү:
- иш сапарларга, спорттук шаймандарды сатып алууга, массалык спорттук иш-чараларды жана окутуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө, спорт объектилерин оңдоого жана курулушка каражат бөлүү үчүн – 89;
- кадр маселелери – 20;
- жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча – 13;
- спорттук наамдарды, сертификаттардын жуп нускаларын, машыктыруучунун күбөлүктөрүн берүү – 41;
- ар кандай – 38;
- kattar.kg электрондук порталына – 2.
Мындан тышкары, КМШ жана башка өлкөлөрүнүн жарандарынан 4 кайрылуу келип түшкөн. Арыздарды, даттанууларды жана суроо-талаптарды кароонун жыйынтыгы 53 арыз ээсине оң жооптор берилди, 144 арыз берүүчүлөргө түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.
Пикир
Оставить комментарий