• 87
  • 89.63
  • 0.85

Былтыр Tunduk тиркемесинде 3 миллиарддан ашык маалымат алмашуу жүрдү

Коом 0

Бишкек, 11.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. 2024-жылы Tunduk тиркемесинде ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы 3 миллиарддан ашык маалымат алмашуу жүргүздү. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетова билдирди.

Анын айтымында, бул Tunduk мобилдик тиркемесиндеги санариптик жетишкендик. Мамлекеттик органдар менен жеке компаниялардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кыйла жөнөкөйлөттү.

“Tunduk мобилдик тиркемеси мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын компоненти болуп саналат, ал телефон аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүндүк берет. Колдонмонун негизги өзгөчөлүгү санариптик документтер болуп саналат, анткени алар кагаз түрүндөгү варианттардай эле юридикалык күчкө ээ. Тиркеме аркылуу 1 миллиарддан ашык транзакция жүргүзүлдү.

Жарандар Мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталы аркылуу 2024-жылы эле 16 млн кызмат алышты. Бул мамлекетке жана жарандарга 17,6 млн саат жана 1,3 млрд сом үнөмдөөгө мүмкүндүк берди. Ошондой эле 14 жаңы кызмат көрсөтүү жана 9 санариптик документ киргизилди",-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий