Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Бүгүн мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Кеңешме министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында өттү.
Кеңешмеге президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүндө облустун мамлекеттик органдарынын жана профилдик ведомстволорунун жетекчилеринин, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын, муниципалдык органдардын, ошондой эле билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлдү. Жыйынга 300 адам катышты.
Жыйындын катышуучуларына кабыл алынган "КР айрым мыйзам актыларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамынын жоболору төмөнкү тартипте түшүндүрүлдү:
- коррупциялык кылмыштарга күнөөлүү деп табылган жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштегени өмүр бою тыюу салууну караган мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгендиги боюнча;
- коррупциялык кылмыштар үчүн айып пулду толук жоюлгандыгы тууралуу (мисалы, мыйзамсыз баюу үчүн 300-500 миң сом айып пулдун ордуна эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган);
- эгерде кайсы бир жаран, анын жубайы же алардын жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган болсо, андай жарандар мамлекеттик кызматка кабыл алынбоосу боюнча;
- эгерде жаран коррупциялык кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөсүн мойнуна алса жана келтирилген зыяндын ордун толтурса, ага ушул берене боюнча эркиндигинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес өлчөмүндө жаза колдонулары боюнча.
Координациялык кеңешменин жыйынында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды абсолюттук деңгээлде жоюу милдети коюлгандыгы айтылды.
Буга байланыштуу Чүй облусунун мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызматкерлерине коррупцияны ишке ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө эскертилди.
Ошонун менен бирге коррупциялык иштин фактылары аныкталган учурда тиешеси бар адамдар КР мыйзамдарына жаңы кабыл алынган түзөтүүлөрүнө ылайык соттолгон адамга белгилүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө өмүр бою тыюу салуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартылаары жана күнөөлүү адамга карата мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтуруу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндө милдеттүү түрдө жаза берилүүсү боюнча толук кандуу маалымат берилди.
Жыйындын жыйынтыгында коррупциялык укук бузуулардын алдын алууну туруктуу негизде камсыз кылуу үчүн – коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык кызматкерлерге маалымдоо максатында ушундай эле жыйындарды Чүй облусунун райондорунда жана шаарларында өткөрүү боюнча протоколдук чечим кабыл алынды.
Пикир
Оставить комментарий