• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Чаткал милициясы мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Чаткал милициясы мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чаткал РИИБдин кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушуп, жол эрежелерин сактоого жана кылмыштуулуктан алыс болууга үндөп жатышат. Аба ырайынын катаал шартына карабастан мындай профилактикалык иштер тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Чаткал району суук аймактардын катарын толуктагандыктан түнкү учурларда көчөгө чыкпоо керектиги эскертилди. Жолдор тайгак болгон мезгилдерде этият болуу жана жол эрежелерин сактоо зарылдыгы белгиленди.

Мындан сырткары милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын санитардык нормаларды сактоого чакырышты. Учурдагы жугуштуу илдеттин алдын алуу үчүн ар бир жаран жеке гигиеналык эрежелерди карманып, тиешелүү медициналык каражаттарды колдонуу керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий