Чемпиондор лигасы: "Аякс" менен "Ювентус", "Манчестер Юнайтед" менен "Барселона" беттешет

Спорт 0

Бишкек. 10.04.19 /Кабар/. Бүгүн Чемпиондор лигасынын ¼ финалынын оюндары өтөт.

Голландиялык "Аякс" өз талаасында италиялык "Ювентус" клубун кабыл алат.

Ал эми англиялык "Манчестер Юнайтед" "Олд Траффорд" стадионунда испаниялык "Барселона" менен беттешет.

Эске салсак, кечээ Лондондук "Тоттенхэм" өз талаасында 1:0 эсеби менен "Манчестер Ситини" жеңди.

Англиялык "Ливерпуль" португалиялык "Портуну" 2:0 эсебинде утуп алды.

Пикир

Оставить комментарий