• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош базардын айланасында тыюу салынган жерлерге токтотулган унаалар боюнча рейд жүрдү

Коом 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ош базарынын аймагында кечээ, 9-апрелде уруксат берилбеген жерлерге токтотулган унаалар боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардык милиция Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери менен биргеликте көчөлөрдөгү тыгынга алып келген жол боюнда ыгы жок токтотулган унаалардан тазалоо боюнча иш-чара жүргүздү.

Рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузган айдоочуларга карата 12 протокол түзүлүп, айыптар жазылган.

Андан тышкары шаардын автоинспекциянын кызматкерлери кичиавтобустун жана жеңил унаалардын айдоочулары менен түшүндүү иштерин жүргүзүп, жол эрежелерин сактоого чакырышкан.

“Мындай алдын ала иштери шаар боюнча ар дайым жүргүзүлүп турат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий