• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ленин районунун башчысы Арча-Бешиктен табылган ымыркайдан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Арча-Бешик конушунан табылган, ташталган ымыркай жаткырылган №2 төрөт үйүнө барды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда аким ымыркайдын абалы менен таанышып, дарыгер менен баарлашып, администрация тарабынан бардык керектүү жардамдар берилерин белгиледи.

Баланын абалы туруктуу, ага тийиштүү кам көрүү жана тамактануу каралган.

Эскерте кетсек, ымыркай Кара-Кужур көчөсүндөгү жеке үйдүн тосмосунун жанынан табылган, ал желим баштыкка оролгон кутуда болгон.

Пикир

Оставить комментарий