Чет элдик студенттер Кыргызстанда билим алууга гана умтулушат – КММА ректору

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Чет элдик студенттер Кыргызстанда билим алууга гана умтулушат. Мындай пикирин Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайынан билим алуу үчүн Пакистан, Индиядан жана башка мамлекеттерден чет элдик жарандардын келүүсү көбөйдү. Бул мамлекеттеги медициналык билим берүүнүн деңгээли алда канча жогору экендигинен кабар берет.

“Биздин академияга келген ар бир студент билим алууга аракет жасайт. Алардын максаты медициналык билимге ээ болуп чыгуу жана колуна диплом алуу. 1-курста эле чет элдик студенттердин баары кыргызча түшүнүп, сүйлөп башташат. Ал эми 2-курстан тартып 2-3 тилде эркин сүйлөшөт. Ошондуктан биздин студенттер бири-биринин тилин түшүнүп, ынак достордон болуп калышат”, - деди Индира Кудайбергенова.

Өз кезегинде Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев саналуу гана адамдардын кылган туура эмес кадамдарынын айынан жалпы чет элдик студенттер жабыр тартпашы керек деген ойдо. “Мындай жагымсыз окуялар тилекке каршы, Кыргызстандын меймандостугуна, имиджине таасир этип калаарын эстен чыгарбашыбыз зарыл”, - деп белгиледи ал.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алып жаткан 18 миң студенттин 10 пайызын чет элдик студенттер түзөт. Аталган окуу жайдын ректору Айгүл Абдраеванын айтымында, миңдеген студенттер окуу жайда уюштурулган ар кандай иш-чараларга туткан динине, улутуна, өңүнө карабастан активдүү катышат.

“Мен ата-энелерге кайрылып кетким келет. Борбор калаада иштеген же окуган балдарын көзөмөлдөп, байланышта болуусу керек. Анткени саналуу күн мурда болуп өткөндөй окуяларга катышып калуусу мүмкүн. Биздин студенттер чет жакка билимин тереңдеткенге же окууга тапшырып окуп калышы толук ыктымал. Ошондуктан балдарыбыздын коопсуздугу ар бир ата-эне үчүн маанилүү”, - деди Абдраева.

Эскерте кетсек, Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү кыргыз жарандары менен чет элдик студенттердин ортосунда башаламандык орун алган. Анда бир нече жаран жаракат алган. Окуянын чоо-жайы.

Пикир

Оставить комментарий