• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкектеги мектептен кайрадан бомба издеп жатышат

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Бүгүн саат 14:10дор чамасында Бишкектеги №33 мектеп-гимназиясынын аймагына бомба коюлду делген маалымат түшкөн.

“Кабар” агенттигине Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жерине ыкчам-тергөө тобу чыгып, мектептин аймагы курчалган.

Мугалимдер жана окуучулар эвакуацияланды.

Учурда жеринде ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кинологдору иш алып барууда.

Эскерте кетсек, ушул эле аптада Бишкектин бир катар мектептеринде бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий