• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мэрияда Бишкек баатырдын эстелиги боюнча талаш-тартыш жаралды

Коом 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасында Бишкек баатырдын эстелигинин эскиздик долбоорун иштеп чыгуу боюнча ачык сынактын коомдук талкуусу болуп өттү. Бул тууралуу борбор калаанын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга сынактын уюштуруучулары - Бишкек баатырдын урпактары, ишкананын өкүлдөрү, архитектор, скульпторлор, ошондой эле "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси жана борбор калаанын жашоочулары катышкан.

"Эмгектердин арасынан талкуунун катышуучуларына экөө жагып, адистердин пикири боюнча аларды толуктап иштеп чыгуу зарыл. Эстеликтин образы тууралуу ар түрдүү пикирлер болууда. Бири Бишкек баатыр, баатыр мүнөз болуш керек десе, башкалар ага макул эмес", - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Сынакта жалпы эстеликтин 18 варианты катышууда. Эстелик Маданият министрлигинин чыгыш тарабына Чүй менен Эркиндик бульварынын кесилишинен алыс эмес жерде коюлат деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий