Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында бак-дарактарды отургузуу боюнча масштабдуу иш-чара ɵттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактардын 15 миңдей көчөтү отургузулду
Белгиленгендей, саамалык "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашырылды.
Пикир
Оставить комментарий