• 87
  • 89.63
  • 0.85

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга $500 млн бөлөт – экономика министри

Экономика 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. 2025-жылдын жаз айларында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга 500 миллион доллар өлчөмүндө пайызсыз насыя берет. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев журналисттерге билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Энергетика министрлиги бул масштабдуу долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) иштеп бүтүп калды.

«Долбоордун баасы буга чейин аныкталган жана инвестициялык сунуш да бар. Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу 2025-жылдын май айында берилиши күтүлүүдө», - деди ал.

Эске салсак, буга чейин Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга 500 млн долларга чейин бөлүүгө даяр экенин билдирген.

Белгилей кетсек, Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, болжол менен 3,6 млрд долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий