• 87
  • 90.63
  • 0.79

"Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Бул документ парламенттин расмий сайтындагы катталган мыйзам жана токтом долбоорлорунун арасына киргизилди.

"Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамдын долбоору Конституциянын дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелердин ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү жоболорун ишке ашыруу максатын көздөй тургандыгы белгиленүүдө.

"2022-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык, «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамына талдоо жүргүзүлгөн. Талдоонун жыйынтыгы боюнча алып салуу үчүн көп сандаган карама-каршылыктар, боштуктар аныкталган жана алар мыйзамдын текстинин жарымынан көбүн түзөөрү белгилүү болгон. Ушуга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" КР мыйзамына ылайык мыйзам долбоору жаңы редакцияда иштелип чыгып, 2022-жылы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылган. Бирок мамлекеттик органдардан, кызыкдар тараптардан алынган сунуштар жана сын-пикирлерге байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун макулдугу менен толуктап иштеп чыгуу жана андан ары жылдыруу үчүн кайтарылып алынган", - деп айтылат маалыматта.

Ушундан улам Дин комиссиясынын, УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлүп, анын натыйжасында бул мыйзам долбоору сунушталууда.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу улуттук коопсуздукка байланышкан тобокелдиктер жана коркунучтар, ошондой эле коомдогу динге кызыгуу өскөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик деңгээлде мыйзамдык базаны өркүндөтүүнү талап кылат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкө аймагында диний объекттердин жана диний уюмдардын саны 4200дөн ашат. Диний объекттердин курулушу ченемдик укуктук актылардын жоктугуна байланыштуу башаламан жүргүзүлгөн. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору жеке аймактарда, үй жанындагы участоктордо жана жарандардын үйлөрүндө диний объекттерди курууга тыюу салат. Ошондой эле минкабдын өзүнчө ченемдик укуктук актылары менен диний багыттагы объекттерди куруунун, реконструкциялоонун, кайра профилдештирүүнүн тартибин кароо сунуш кылынат.

Муну менен бирге диний уюмдардын өкүлдөрүнө диний багыттагы объекттерден тышкары, динди жайылтуу же таңуулоо максатында үймө-үй кыдырууга (батирлерди) тыюу салуу сунушталууда. Айрым талаш маселелер, анын ичинде үймө-үй кыдыруу маселеси өлкө аймагындагы салттуу диний конфессиялардын өкүлдөрү (Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Орус православ чиркөөсү) менен макулдашылгандыгы айтылды. Аталган конфессиялардын өкүлдөрү бул чечимди толугу менен колдошкон жана Аалымдар кеңеши үймө-үй кыдыруу Исламда милдеттүү эмес экенин билдирген документти беришкендиги кошумчаланды.

Пикир

Оставить комментарий